Макалалар
Үйлөнүүдөгү калыңдын (махр) ашыкча көбөйүшү.
Автор: Фатва бөлүмү
11.11.2026

Үйлөнүүдөгү калыңдын (махр) ашыкча көбөйүшү.

Ислам дини никени жеңилдетүүгө, үй-бүлөнү адал жол менен курууга жана жаштардын үйлөнүүсүнө тоскоолдук жаратпоого өзгөчө маани берет. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө үйлөнүү учурунда калыңдын өтө жогору белгилениши көптөгөн жаштарга оорчулук жаратып, айрымдарын үйлөнүүнү кийинкиге калтырууга же карызга батууга мажбурлоодо.

Исламда аялдын калыңы — анын шарияттагы акысы. Аллах Таала Куранда мындай дейт:

﴿وَآتُوا النِّسَاءَ صَدُقَاتِهِنَّ نِحْلَةً﴾

«Аялдарга алардын калыңдарын чын көңүлдөн бергиле». (Ниса сүрөсү, 4-аят) Бул аят калың аялдын өзүнө таандык укук экенин көрсөтөт. Пайгамбарыбыз ﷺ үйлөнүүнү жеңилдетүүгө үндөп, мындай деген:

«إِنَّ أَعْظَمَ النِّكَاحِ بَرَكَةً أَيْسَرُهُ مُؤْنَةً»

«Эң берекелүү нике — чыгымы эң жеңил болгон нике». (Ахмад). Демек, никени ашыкча чыгымдар менен оорлотуу Исламдын жеңилдик жана береке принцибине туура келбейт.

Махр аялдын акысы болуп саналат. Анын өлчөмү тараптардын макулдашуусу менен белгиленет, бирок шариатта махрдын белгилүү бир эң жогорку чеги коюлган эмес. Аял    калыңы өзү сыяктуу турмушка чыккан кыздардын калыңы менен бааланат. Калың канча аз болсо аял берекелүү болот. Пайгамбарыбыздын (соллаллооху алайхи ва саллам)доорунда үйлөнүү жеңил болгон. Нике жеңил болсо никесиз байланыш жок болот. Тескерисинче никелешүү оор болсо бузукулук көбөйөт. Эгер кыздын ата-энеси ашыкча төлөм талап кылып, жаштардын үйлөнүүсүнө негизсиз тоскоолдук жаратса, бул туура эмес көрүнүш болуп эсептелет. Аллах Таала мындай дейт:

﴿وَلَا تُسْرِفُوا إِنَّهُ لَا يُحِبُّ الْمُسْرِفِينَ﴾

«Ысырап кылбагыла. Чындыгында, Ал ысырап кылуучуларды сүйбөйт». (Аъраф сүрөсү, 31-аят)

Жыйынтыктап айта турган болсок, калыңдын ашыкча көбөйүшү жаштарга оорчулук жаратып, карызга батырып, никени кыйындатса, андан сактануу зарыл. Ата-энелердин милдети — балдарынын бактылуу үй-бүлө куруусуна көмөк көрсөтүү, аларга ашыкча талаптарды жүктөө эмес. Үйлөнүүнүн берекеси кымбат калыңда эмес, ыйманда, адеп-ахлакта, өз ара урматтоодо жана Аллахтын ыраазычылыгын көздөөдө. Аллах Таала элибиздин никелерине береке берип, жаштарыбыздын үйлөнүүсүн жеңил кылсын!

 

 

 (Башкы бетте колдонулган сүрөт интернет булактарынан алынды)

 

Поделиться
Той-аштагы ысырапкорчулук.
Той-аштагы ысырапкорчулук. Ааламдардын Жаратуучусу Алла Таалага алкыш-мактоолор жана даңктоолор, сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммадка (соллаллооху алайхи ва саллам), үй-бүлөсүнө, сахабаларына жана жолун жолдоочуларына салам жана салаваттар болсун. Адам баласынын жашоосунда кубанычтуу күндөр көп болот. Үйлөнүү үлпөтү, бала төрөлүшү, тууган-уруктун башын кошкон той-аштар — адамдардын бири-бирине…
МАЗХАБ КАРМАНУУНУН ЗАРЫЛДЫГЫ ЖАНА МАЗХАБСЫЗДЫКТЫН ЗЫЯНДАРЫ
МАЗХАБ КАРМАНУУНУН ЗАРЫЛДЫГЫ ЖАНА МАЗХАБСЫЗДЫКТЫН ЗЫЯНДАРЫ Ислам дини — Аллах Тааланын адамзатка түшүргөн акыйкат дини. Куран жана Пайгамбарыбыз Мухаммаддын (соллаллооху алайхи ва саллам) сүннөтү — шариаттын негизги булактары. Ал эми мазхабдар — Куран менен сүннөттөгү өкүмдөрдү түшүнүүдө, далилдерди чечмелөөдө жана алардан шарияттык өкүмдөрдү чыгарууда мужтахид аалымдар карманган илимий усулда…
Ислам дининде кабырга эстелик ж.б. имараттарды тургузуунун өкүмү.
  Ислам дининде кабырга эстелик ж.б. имараттарды тургузуунун өкүмү. Ислам дини өлгөн адамды жерге берүүдө жөнөкөйлүктү сактоого, кабырларды ашыкча кооздоодон жана ысырапкерчиликтен алыс болууга чакырат. Азыркы учурда кабырларга кымбат баалуу мрамор, гранит, чоң эстеликтерди орнотуу жана сүрөттөрдү коюу сыяктуу көрүнүштөр кеңири таралууда. Бул маселеге шариаттын өкүмүн билүү зарыл. Аллах …
Умра пакетинен алынган 9 % каражаттын шаръий өкүмү жөнүндө
Умра пакетинен алынган 9 % каражаттын шаръий өкүмү жөнүндө Суроо: Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (КМДБ) умра кызматын уюштурган фирмаларды аккредитациялап, ар бир умра пакетинен 9 % өлчөмүндө каражат алууда. Ал каражат мечит имамдарына стипендия катары бөлүштүрүлөт. Ушул 9 % каражат шариятта адалбы же арамбы? Биринчи бөлүк: Маселенин фикхий негиздери 1. Материалдык эмес у…