Ислам дини никени жеңилдетүүгө, үй-бүлөнү адал жол менен курууга жана жаштардын үйлөнүүсүнө тоскоолдук жаратпоого өзгөчө маани берет. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө үйлөнүү учурунда калыңдын өтө жогору белгилениши көптөгөн жаштарга оорчулук жаратып, айрымдарын үйлөнүүнү кийинкиге калтырууга же карызга батууга мажбурлоодо.
Исламда аялдын калыңы — анын шарияттагы акысы. Аллах Таала Куранда мындай дейт:
﴿وَآتُوا النِّسَاءَ صَدُقَاتِهِنَّ نِحْلَةً﴾
«Аялдарга алардын калыңдарын чын көңүлдөн бергиле». (Ниса сүрөсү, 4-аят) Бул аят калың аялдын өзүнө таандык укук экенин көрсөтөт. Пайгамбарыбыз ﷺ үйлөнүүнү жеңилдетүүгө үндөп, мындай деген:
«إِنَّ أَعْظَمَ النِّكَاحِ بَرَكَةً أَيْسَرُهُ مُؤْنَةً»
«Эң берекелүү нике — чыгымы эң жеңил болгон нике». (Ахмад). Демек, никени ашыкча чыгымдар менен оорлотуу Исламдын жеңилдик жана береке принцибине туура келбейт.
Махр аялдын акысы болуп саналат. Анын өлчөмү тараптардын макулдашуусу менен белгиленет, бирок шариатта махрдын белгилүү бир эң жогорку чеги коюлган эмес. Аял калыңы өзү сыяктуу турмушка чыккан кыздардын калыңы менен бааланат. Калың канча аз болсо аял берекелүү болот. Пайгамбарыбыздын (соллаллооху алайхи ва саллам)доорунда үйлөнүү жеңил болгон. Нике жеңил болсо никесиз байланыш жок болот. Тескерисинче никелешүү оор болсо бузукулук көбөйөт. Эгер кыздын ата-энеси ашыкча төлөм талап кылып, жаштардын үйлөнүүсүнө негизсиз тоскоолдук жаратса, бул туура эмес көрүнүш болуп эсептелет. Аллах Таала мындай дейт:
﴿وَلَا تُسْرِفُوا إِنَّهُ لَا يُحِبُّ الْمُسْرِفِينَ﴾
«Ысырап кылбагыла. Чындыгында, Ал ысырап кылуучуларды сүйбөйт». (Аъраф сүрөсү, 31-аят)
Жыйынтыктап айта турган болсок, калыңдын ашыкча көбөйүшү жаштарга оорчулук жаратып, карызга батырып, никени кыйындатса, андан сактануу зарыл. Ата-энелердин милдети — балдарынын бактылуу үй-бүлө куруусуна көмөк көрсөтүү, аларга ашыкча талаптарды жүктөө эмес. Үйлөнүүнүн берекеси кымбат калыңда эмес, ыйманда, адеп-ахлакта, өз ара урматтоодо жана Аллахтын ыраазычылыгын көздөөдө. Аллах Таала элибиздин никелерине береке берип, жаштарыбыздын үйлөнүүсүн жеңил кылсын!
(Башкы бетте колдонулган сүрөт интернет булактарынан алынды)