Макалалар
Той-аштагы ысырапкорчулук.
Автор: Фатва бөлүмү
11.11.2026

Той-аштагы ысырапкорчулук.

Ааламдардын Жаратуучусу Алла Таалага алкыш-мактоолор жана даңктоолор, сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммадка (соллаллооху алайхи ва саллам), үй-бүлөсүнө, сахабаларына жана жолун жолдоочуларына салам жана салаваттар болсун.

Адам баласынын жашоосунда кубанычтуу күндөр көп болот. Үйлөнүү үлпөтү, бала төрөлүшү, тууган-уруктун башын кошкон той-аштар — адамдардын бири-бирине кубанычын бөлүшүп, жакшы мамилесин бекемдеген учурлар.

Ислам дини мындай кубанычтарга тыюу салбайт. Тескерисинче, никеге байланыштуу той берүү — сүннөт. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) Абдуррахман ибн Авфка (розияллооху анху):

»أَوْلِمْ وَلَوْ بِشَاةٍ«

«Бир кой менен болсо да той бер», — деп айткан.

Демек, той өткөрүү, элди чакырып тамак берүү — шариятта негизделген жакшы амал. Бирок ислам дини бардык нерседе өлчөмдү жана ченемди талап кылат. Тойдун өзү жакшы болгону менен, анын ичинде ысырап, мактануу, атаандашуу жана тамакты кор кылуу пайда болсо, анда бул иштерден сактануу зарыл.

Ысырапкорчулук туурасында Аллах Таала Куранда мындай дейт:

»وَكُلُوا وَاشْرَبُوا وَلَا تُسْرِفُوا ۚ إِنَّهُ لَا يُحِبُّ الْمُسْرِفِينَ«

«Жегиле жана ичкиле, бирок ысырап кылбагыла. Чындыгында, Ал ысырап кылуучуларды сүйбөйт». (Аъраф сүрөсү, 31-аят) Бул аятта Аллах Таала тамактанууга уруксат берүү менен бирге ысырап кылууга тыюу салды. Ошондуктан исламдагы принцип мындай: Адал нерсени колдонуу уруксат,
бирок аны чектен ашыруу — ысырап.

Улуу Ханафи аалымы Имам Сарахси (рохмахуллох) «аль-Мабсут» китебинде:

 قال وكل أحد منهي عن إفساد الطعام، ومن الإفساد الإسراف   )  وهذا لما روي «أن النبي - صلى الله عليه وسلم - نهى عن القيل والقال وعن كثرة السؤال وعن إضاعة المال»،  - المبسوط للسرخسي ص266

Ал айтты: «Ар бир адам тамак-ашты бузуп (жараксыз, кор) кылуудан тыйылган. Тамак-ашты ысырап кылуу да аны бузуп (жараксыз, кор) кылуунун бир түрү».

Бул төмөнкү хадиске негизделет: «Чындыгында, Пайгамбар (саллаллаху алейхи васаллам) куру сөздөн, ашыкча суроо берүүдөн жана мал-мүлктү ысырап кылуудан тыйган».

Ошондой эле ал:

»ومن الإسراف أن تضع على المائدة من ألوان الطعام فوق ما يحتاج إليه الآكل«

«Ысыраптын түрлөрүнүн бири — тамактануучуга керектүү өлчөмдөн ашык тамактарды дасторконго коюу», — деп баяндайт. Бул сөздөр бүгүнкү той-аштарыбыз үчүн чоң сабак.

Кээде бир нече жүз адамга той берилип, алардын керегинен бир нече эсе көп тамак даярдалат. Көпчүлүгү желбей калат. Кээде болсо дасторкондо калган тамактар таштандыга ыргытылат.

Бул жерде бир нерсени так түшүнүү керек. Көп тамак жасоонун өзү эле дароо «арам» болуп калбайт. Эгер 300 адам чакырылса, аларга жеткидей тамак даярдоо — ысырап эмес. Ошондой эле конокторду сыйлоо үчүн бир нече түрдүү адал тамак даярдоого болот.

Ысырап — керектүүдөн ашыкча кылып, анын желбей же пайдаланылбай каларын билип туруп даярдоо.

«Элден кем калбайлы» деген түшүнүк. Той-аштагы эң чоң көйгөйлөрдүн бири — адамдардын бири-бири менен атаандашуусу. «Паланчанын тоюнан кем болбосун». «Эл эмне дейт?» «Башкалар ушундай кылды, биз да ошондой кылышыбыз керек». «Биздин той эң чоң той болсун». Мындай түшүнүктөр адамды ашыкча чыгымга алып барат. Кээде бир күндүк той үчүн чоң карыз алынат. Ал карызды үй-бүлө бир нече жыл төлөшү мүмкүн.

Имам Сарахси (рохмахуллох)  адал малды пайдаланууда да ысырап, текеберчилик, мактануу жана көптүк менен атаандашуудан сактануу керектигин айтат. Исламда адамдын кадыры анын өткөргөн тоюнун чоңдугу менен өлчөнбөйт. Тойдун чоңдугу эмес, берекеси маанилүү.

Дасторкондогу ар бир нан, ар бир эт, ар бир мөмө-жемиш — Аллах Тааланын бизге берген нематы. Ошондуктан калган тамакты жөн эле таштандыга ыргытуу — бул нематты барктабоого алып келиши мүмкүн. Эгер тойдон таза тамактар артылып калса, аларды: муктаждарга, кедей-кембагалдарга, кошуналарга, туугандарга берүүгө же кийин пайдаланууга болот.

Той — адамдарга байлыгыбызды көрсөтө турган мелдеш эмес. Той — Аллахтын берген нематына шүгүр кылып, тууган-урук, дос-жаран менен кубаныч бөлүшө турган күн. Ошондуктан тойдо: конок тосуу — сооп, тамак берүү — жакшы амал, ысырап — тыюу салынган иш. Биздин максатыбыз: «Элден ашып түшөлү» эмес, «Аллах ыраазы боло тургандай той өткөрөлү» - деген түшүнүк болушу керек.

Корутунду: Кымбаттуу бир туугандар! Ислам бизге кубанычтан баш тартууну үйрөтпөйт. Ислам бизге кубанычта да чекти сактоону үйрөтөт. Той өткөрөлү — бирок ысырапсыз. Конок чакыралы — бирок мүмкүнчүлүгүбүзгө жараша. Тамак берели — бирок тамакты кор кылбайлы. Дасторкон жайалы — бирок мактануу үчүн эмес. Кубаналы — бирок башкалар менен атаандашпайлы. Аллах Таала айткандай: «Жегиле жана ичкиле, бирок ысырап кылбагыла». Ошондуктан тойдун берекеси дасторкондогу тамактын көптүгүндө эмес. Береке — таза ниетте, адалдыкта, шүгүрдө, конокко болгон урматта жана ысыраптан алыс болууда. Аллах Таала биздин той-аштарыбызга береке берсин, ысыраптан, мактануудан жана карызга баткандан сактасын. Үй-бүлөлөрүбүзгө ынтымак, жаштарыбызга бактылуу нике жана берекелүү өмүр насип кылсын.

 

 

 (Башкы бетте колдонулган сүрөт интернет булактарынан алынды)

 

Поделиться
Үйлөнүүдөгү калыңдын (махр) ашыкча көбөйүшү.
Үйлөнүүдөгү калыңдын (махр) ашыкча көбөйүшү. Ислам дини никени жеңилдетүүгө, үй-бүлөнү адал жол менен курууга жана жаштардын үйлөнүүсүнө тоскоолдук жаратпоого өзгөчө маани берет. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө үйлөнүү учурунда калыңдын өтө жогору белгилениши көптөгөн жаштарга оорчулук жаратып, айрымдарын үйлөнүүнү кийинкиге калтырууга же карызга батууга мажбурлоодо. Исламда аялдын калыңы — ан…
МАЗХАБ КАРМАНУУНУН ЗАРЫЛДЫГЫ ЖАНА МАЗХАБСЫЗДЫКТЫН ЗЫЯНДАРЫ
МАЗХАБ КАРМАНУУНУН ЗАРЫЛДЫГЫ ЖАНА МАЗХАБСЫЗДЫКТЫН ЗЫЯНДАРЫ Ислам дини — Аллах Тааланын адамзатка түшүргөн акыйкат дини. Куран жана Пайгамбарыбыз Мухаммаддын (соллаллооху алайхи ва саллам) сүннөтү — шариаттын негизги булактары. Ал эми мазхабдар — Куран менен сүннөттөгү өкүмдөрдү түшүнүүдө, далилдерди чечмелөөдө жана алардан шарияттык өкүмдөрдү чыгарууда мужтахид аалымдар карманган илимий усулда…
Ислам дининде кабырга эстелик ж.б. имараттарды тургузуунун өкүмү.
  Ислам дининде кабырга эстелик ж.б. имараттарды тургузуунун өкүмү. Ислам дини өлгөн адамды жерге берүүдө жөнөкөйлүктү сактоого, кабырларды ашыкча кооздоодон жана ысырапкерчиликтен алыс болууга чакырат. Азыркы учурда кабырларга кымбат баалуу мрамор, гранит, чоң эстеликтерди орнотуу жана сүрөттөрдү коюу сыяктуу көрүнүштөр кеңири таралууда. Бул маселеге шариаттын өкүмүн билүү зарыл. Аллах …
Умра пакетинен алынган 9 % каражаттын шаръий өкүмү жөнүндө
Умра пакетинен алынган 9 % каражаттын шаръий өкүмү жөнүндө Суроо: Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (КМДБ) умра кызматын уюштурган фирмаларды аккредитациялап, ар бир умра пакетинен 9 % өлчөмүндө каражат алууда. Ал каражат мечит имамдарына стипендия катары бөлүштүрүлөт. Ушул 9 % каражат шариятта адалбы же арамбы? Биринчи бөлүк: Маселенин фикхий негиздери 1. Материалдык эмес у…