Жооп: Ким өтө карыгандыктын же өнөкөт оорунун (айыкпай турган) себебинен орозо кармай албаса, ал фидия төлөйт. Фидиянын өлчөмү садака аль-фитирдин өлчөмүнө барабар. Мындайча айтканда, ар бир күнү үчүн 0,5 саа (1.75 кг) буудай же ун; же 1 саа (3.5 кг) арпа, мейиз, же курма берүү керек. Ушул аталган азыктардын каалаганынан фидия берүүгө болот. Азыктардын бааларын санап, акчалай берсе да жарайт.
Ошондой эле ар бир күнү үчүн кедейди эки жолу (эртең менен жана кечинде) тамактандырса болот.
Эскертүү: Фидиянын өлчөмүн муфтияттан тактап алса болот.
فالشيخ الفاني الذي لا يقدر على الصيام يفطر ويطعم لكل يوم مسكينا كما يطعم في الكفارة كذا في الهداية . (الفتاوى الهندية ١/٢٠٧ ط: رشيديه).
في الدر: يعطي لكل صلاة نصف صاع من بر) كالفطرة (وكذا حكم الوتر) والصوم.
وتحته في الرد: (قوله نصف صاع من بر) أي أومن دقيقة أو سويقة أو صاع تمر أو زبيب أو شعير أو قيمته، وهي أفضل عندنا لإسراعها بسد حاجة الفقير إمداد. (رد المحتار ۲/٧۲-٧۳ ط: سعيد).
Бирок кийин оорулуу сакайып кетсе, анда кармабай калган күндөрүн кайрадан кармап берүүгө тийиш, алар үчүн фидиясы берилсе да. Төлөнгөн фидиялар үчүн Аллах Таала ага өзүнчө соопторду берет.
ولو قدر على الصيام بعد ما فدى بطل حكم الفداء الذي فداه حتى يجب عليه الصوم. (الفتاوى الهندية ١/٢٠٧ ط: رشيديه).