Суроо: Оорунун себебинен орозо кармай албаган адам эмне кылыш керек?

Жооп: Ким өтө карыгандыктын же өнөкөт оорунун (айыкпай турган) себебинен орозо кармай албаса, ал фидия төлөйт. Фидиянын өлчөмү садака аль-фитирдин өлчөмүнө барабар. Мындайча айтканда, ар бир күнү үчүн 0,5 саа (1.75 кг) буудай же ун; же 1 саа (3.5 кг) арпа, мейиз, же курма берүү керек. Ушул аталган азыктардын каалаганынан фидия берүүгө болот. Азыктардын бааларын санап, акчалай берсе да жарайт.

Ошондой эле ар бир күнү үчүн кедейди эки жолу (эртең менен жана кечинде) тамактандырса болот.

Эскертүү: Фидиянын өлчөмүн муфтияттан тактап алса болот.

فالشيخ الفاني الذي لا يقدر على الصيام يفطر ويطعم لكل يوم مسكينا كما يطعم في الكفارة كذا في الهداية . (الفتاوى الهندية ١/٢٠٧ ط: رشيديه).

في الدر: يعطي لكل صلاة نصف صاع من بر) كالفطرة (وكذا حكم الوتر) والصوم.

وتحته في الرد: (قوله نصف صاع من بر) أي أومن دقيقة أو سويقة أو صاع تمر أو زبيب أو شعير أو قيمته، وهي أفضل عندنا لإسراعها بسد حاجة الفقير إمداد. (رد المحتار ۲/٧۲-٧۳ ط: سعيد).

Бирок кийин оорулуу сакайып кетсе, анда кармабай калган күндөрүн кайрадан кармап берүүгө тийиш, алар үчүн фидиясы берилсе да. Төлөнгөн фидиялар үчүн Аллах Таала ага өзүнчө соопторду берет.

ولو قدر على الصيام بعد ما فدى بطل حكم الفداء الذي فداه حتى يجب عليه الصوم. (الفتاوى الهندية ١/٢٠٧ ط: رشيديه).

Ответил: FATVA.KG, Администратор
Поделиться
Суроо: Мастурбация орозону жараксыз кылабы?
Жооп: Шариятта мастубарция кылууга тыюу салынат жана чоң күнөө болуп эсептелет. Ошондой болсо да, орозо учурунда мындай жагымсыз жагдай болушу мүмкүн. Мындай күнөө кылган адамдын уругу чыккан болсо, орозосу бузулат жана ошол күндү толуктоого тийиш. Ал гусул кылууга дагы милдеттүү. Ал эми уругу чыкпаса, орозосу бузулбайт жана гусул кылууга милдеттүү эмес. في الرد: (قوله: وكذا الاستمناء بالكف) أ…
?
Суроо: Тиш жууганда, ооз ачылып калбайбы?
Жооп: Орозо учурунда күндүзү тиш пастасын колдонуу дурус эмес (макрух), анткени паста ичкери кирип кетиши мүмкүн. Эгерде тиш пастасы алкымга кирип кетсе, орозо бузулат. Ошондуктан тиш пастаны таң атканга (субх ас-садык) чейин колдонуу керек. وكره ذوق شيء ومضغه بلا عذر (رد المحتار ٢/٢١٦ ط: سعيد). Орозо учурунда мисвак колдонууга уруксат берилет. Анын үстүнө мисвак – бул сүннөт. Ошондуктан кү…
?
Суроо: Саарлыкка турбай, уктап калганда эмне кылыш керек?
Жооп: Уктап калып, ойгонгондо саарлык убактысы бүтүп калганы аныкталса, орозо кармай берүү керек. Саарлык кылбай калуу орозого таасирин тийгизбейт. Бирок “саарлык кылбай калдым” деп, орозо кармабай коюуга уруксат берилбейт, анткени бул – чоң күнөө
?