Жооп: Орозо учурунда күндүзү тиш пастасын колдонуу дурус эмес (макрух), анткени паста ичкери кирип кетиши мүмкүн. Эгерде тиш пастасы алкымга кирип кетсе, орозо бузулат. Ошондуктан тиш пастаны таң атканга (субх ас-садык) чейин колдонуу керек.
وكره ذوق شيء ومضغه بلا عذر (رد المحتار ٢/٢١٦ ط: سعيد).
Орозо учурунда мисвак колдонууга уруксат берилет. Анын үстүнө мисвак – бул сүннөт. Ошондуктан күндүзү мисвакты пайдаланган жакшы. Мисвак пайдалануу орозого эч кандай таасирин тийгизбейт.
ولا بأس بالسواك الرطب واليابس في الغداة والعشي عندنا. (الفتاوى الهندية ١/١٩٩ ط: رشيديه).