Ким жаңы-жылды жана туулган күндү майрам деп тоссо, каапырлыка чыгабы?

Суроо: Ким жаңы-жылды жана туулган күндү майрам деп тоссо, каапырлыка чыгабы?

Жооп: Жаңы-жылды жана туулган күндү майрам деп тоскон адамды, каапырлыка чыгып кетет деп айткан туура эмес. Биздин динибизде мындай майрамдар жок. Жаңы-жылды жана туулган күндү майрамдоодо ысырапчылык жана шарият тыйган терс көрүнүштөр көп болгондугу себептен, аалымдар тыюу салышкан..

26.11.2026
Бөлүшүү
Пианинонун музыкасын уккан арамбы?
Суроо: Пианинонун музыкасын уккан арамбы? Жооп:Жооп музыка угууга шарият уруксат бербейт. Адамдардын арасынан эч илими жок эле, Аллахтын түз жолунан чыгарууга жана мыскыл-тамаша кылуу үчүн негизсиз сөздөрдү жайгандар бар. Алар үчүн кор кылуучу азап бар. Ибн Масъуд жана Ибн Аббас (р.а) жана алардан башкалары Аллах Тааланын сөзү менен обондуу ырлар жана музыкалык аспаптардын үнүн угууга ты…
Орозодо мончого барса болобу?
Суроо: Орозодо мончого барса болобу? Жооп: Орозо учурунда мончого барууга уруксат берилет. Мончо орозону бузбайт, анткени адам ал жерде түздөн-түз ашказанга алып баруучу нерселерди колдонбойт. Бирок оозу бек адам ал жерде мончонун буусун атайылап жыттай турган болсо, анда орозосу бузулат жана ошол күнкү орозону кармап коюуга тийиш. Жакшысы, орозо учурунда өзгөчө зарылдык болбосо, мончого ба…
Банядагы дайыма үстү жабылбаган, ачык турган сууга гусул, даарат алса болобу?
Суроо: Банядагы дайыма үстү жабылбаган, ачык турган сууга гусул, даарат алса болобу? Жооп: Ал сууга кандайдыр бир нажасат түшкөн эмес болсо жана нажасаттын изи да жок билинбесе, тек гана үстү ачык болуусу менен эле суу нажасат болуп калбайт. Ошондуктан ал сууга гусул жана даарат алсаңыз болот. Бирок суунун үстүн жаап туруу боюнча хадистерде айтылган. (ومنها) أن يكون بالماء المطلق لأن مطلق ا…
Пластикалык хирургия кылса болобу?
Суроо: Ассаламу алейкум! Пластикалык хирургия кылса болобу? Жооп: Валейкум ассалам ва рахматуллахи ва баракатуху Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Азыркы мезгилде пластикалык хирургиянын Ислам укугунда уруксат берилгендиги же уруксат берилбегендиги мындайча айтканда адал же арам экендиги жөнүндөгү маселе кеңири талкууда. Хирургиянын бул түрүнө шарият уруксат берээр ж…