Орозодо мончого барса болобу?

Суроо: Орозодо мончого барса болобу?

Жооп: Орозо учурунда мончого барууга уруксат берилет. Мончо орозону бузбайт, анткени адам ал жерде түздөн-түз ашказанга алып баруучу нерселерди колдонбойт.

Бирок оозу бек адам ал жерде мончонун буусун атайылап жыттай турган болсо, анда орозосу бузулат жана ошол күнкү орозону кармап коюуга тийиш. Жакшысы, орозо учурунда өзгөчө зарылдык болбосо, мончого барбай коюу абзел.

Эскертүү: Буу бөлмөсүнө киргенде ооз, мурунду дем алуу жолдоруна кокусунан буунун кирип кетүүсүн тосуучу бет аарчы же башка ушул сыяктуу нерсе менен жаап алуу жакшыраак.

الصوم في الشرع الإمساك عن المفطرات الثلاث حقيقة أوحكما في وقت مخصوص من شخص مخصوص مع النية. (البحر الرائق ٢/٤٥٢ ط: دار الكتب العلمية).

(قوله: أنه لو أدخل حلقه الدخان) أي بأي صورة كان الإدخال، حتى لو)

تبخر ببخور وآواه إلى نفسه واشتمه ذاكراً لصومه أفطر؛ لإمكان التحرز عنه، وهذا مما يغفل عنه كثير من الناس. (رد المحتار ٢/٣٩٥ ط: سعيد).

24.11.2026
Бөлүшүү
Банядагы дайыма үстү жабылбаган, ачык турган сууга гусул, даарат алса болобу?
Суроо: Банядагы дайыма үстү жабылбаган, ачык турган сууга гусул, даарат алса болобу? Жооп: Ал сууга кандайдыр бир нажасат түшкөн эмес болсо жана нажасаттын изи да жок билинбесе, тек гана үстү ачык болуусу менен эле суу нажасат болуп калбайт. Ошондуктан ал сууга гусул жана даарат алсаңыз болот. Бирок суунун үстүн жаап туруу боюнча хадистерде айтылган. (ومنها) أن يكون بالماء المطلق لأن مطلق ا…
Пластикалык хирургия кылса болобу?
Суроо: Ассаламу алейкум! Пластикалык хирургия кылса болобу? Жооп: Валейкум ассалам ва рахматуллахи ва баракатуху Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Азыркы мезгилде пластикалык хирургиянын Ислам укугунда уруксат берилгендиги же уруксат берилбегендиги мындайча айтканда адал же арам экендиги жөнүндөгү маселе кеңири талкууда. Хирургиянын бул түрүнө шарият уруксат берээр ж…