Банядагы дайыма үстү жабылбаган, ачык турган сууга гусул, даарат алса болобу?

Суроо: Банядагы дайыма үстү жабылбаган, ачык турган сууга гусул, даарат алса болобу?

Жооп: Ал сууга кандайдыр бир нажасат түшкөн эмес болсо жана нажасаттын изи да жок билинбесе, тек гана үстү ачык болуусу менен эле суу нажасат болуп калбайт. Ошондуктан ал сууга гусул жана даарат алсаңыз болот. Бирок суунун үстүн жаап туруу боюнча хадистерде айтылган.

(ومنها) أن يكون بالماء المطلق لأن مطلق اسم الماء ينصرف الي الماء المطلق فلا يجوز التوضؤ بالماء المقيد، والماء المطلق هو الذي تتسارع أفهام الناس اليه عند اطلاق اسم الماء كماء الأنهار و العيون والآبار وماء السماء وماء الغدران والحياض والبحار فيجوز الوضوء بذلك كله سواء كان في معدنه أو في الأواني لأن نقله من مكان الي مكان  لا يسلب إطلاق اسم الماء عنه..... وقال النبي صلي الله عليه وسلم : خلق الماء طهورا لا ينجسه شيء الا ما غير لونه أو طعمه أو ريحه. (بدائع الصنائع: ج/١،ص/١٥ ط: دار الكتب العلمية).والله أعلم بالصواب

20.11.2026
Бөлүшүү
Пластикалык хирургия кылса болобу?
Суроо: Ассаламу алейкум! Пластикалык хирургия кылса болобу? Жооп: Валейкум ассалам ва рахматуллахи ва баракатуху Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Азыркы мезгилде пластикалык хирургиянын Ислам укугунда уруксат берилгендиги же уруксат берилбегендиги мындайча айтканда адал же арам экендиги жөнүндөгү маселе кеңири талкууда. Хирургиянын бул түрүнө шарият уруксат берээр ж…