Фатвалар
Атасы кыздын макулдугусуз нике кыйдырмакчы, кыз каршы. Нике жарактуубу?
27.11.2026

Суроо: Атасы кыздын макулдугусуз нике кыйдырмакчы, кыз каршы. Нике жарактуубу?

Жооп: Кыз балагатка жеткен, акыл-эси ордунда болсо, атасы аны никеге мажбурлоого укуксуз. Кыз ачык каршы болуп турганда, атасынын макулдугу анын макулдугунун ордуна өтпөйт.

وَلَا يَجُوزُ لِلْوَلِيِّ إِجْبَارُ الْبِكْرِ الْبَالِغَةِ عَلَى النِّكَاحِ

Мааниси: «Валийге балагатка жеткен бойдок кызды никеге мажбурлоого болбойт».

«وَإِنْ أَبَتْ لَمْ يُزَوِّجْهَا»

Мааниси: «Каршы болсо, аны турмушка бербейт».

Булак: مختصر القدوري كتاب النكاح  146-б.

Кыздын  уруксатысыз башкалар түзгөн келишим анын ыктыярдуу жактыруусуна байланыштуу каралат; кыз аны четке какса, ага таянып жубайлык мамиле түзүүгө болбойт.

Бөлүшүү