Маркумдун артында аялы, апасы, атасы жана эки уулу калды. Мурас кандай бөлүнөт?
Суроо: Маркумдун артында аялы, апасы, атасы жана эки уулу калды. Мурас кандай бөлүнөт?
Жооп: Мурас илими татаал илимдерден болгондуктан кененирек жооп берүүгө туура келет. Ханафий мазхабы боюнча маркумдун артында аялы, апасы, атасы жана эки уулу гана калса, аялына мурастын 1/8 бөлүгү, апасына 1/6 бөлүгү, атасына 1/6 бөлүгү берилет. Белгиленген үлүштөрдөн калган мүлктү эки уулу тең бөлүшөт. Эсе…