Суроо: Күйөөсү аялынын атынан курмандык сойсо жарайбы?
Жооп: Эгерде аял киши колунда бар болуп, негизги муктаждыктарга сарпталгандан кийинки мүлктүн наркы нисабка жетсе, анда ага курмандык чалуу милдеттүү. Күйөсү бул учурда ал үчүн курмандык чалуусу милдеттүү эмес.
Эгерде күйөсү аялы үчүн курмандык чалса, анда аялы тараптан бул милдетти аткаруу алынат. А эгерде күйөсү аялы үчүн курмандык чалбаса, анда курмандык милдети аялында калат.
وليس على الرجل أن يضحي عن أولاده الكبار وامرأته إلا بإذنه. (الفتاوى الهندية ٥/٢٩٣ ط: رشيديه).
Жубайлардын бирөөнө чалынган курмандык экөөнө деп эсептелбейт, эгерде курмандык экөөнө тең милдеттүү болсо, ар бири өзү үчүн чалуусу керек.
قال: (الأضحية واجبة على كل حر مسلم مقيم موسر في يوم الأضحى عن نفسه وعن ولده الصغار). (الهداية ٤/٤٠٣ ط: دار الكتب العلمية).
(Башкы бетте колдонулган сүрөт интернет булактарынан алынды)