Суроо: Ассаламу алейкум! Бизде бир суроолуу маселелер жаралып жатат, ошол суроолорго жооп берип койсоңуздар: Бир дамла акыйка тууралуу суралганда, ал биздин мазхабта жок, важиб жана сүннөт да эмес деп жооп берди. Сурайын деген маселе: негизи, акыйка деген эмне? Ал нерсе биздин мазхабда барбы? Эгер бар болсо ал ваажибби? Же сүннөтбү? Шариятта анын орду кандай каралат? Анткени, кээбирлер ал биздин мазхабта жок, ваажиб да жана суннат да эмес деп жооп берип жатышат. Эгер жок болсо, эмне үчүн мусулмандар аны аткарып келишет? Алдын ала ырахмат.

Жооп:

Валейкум ассалам ва рахматуллахи ва баракатуху

Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим

الجواب حامدا ومصليا

Акыйканын сөздүктөгү мааниси бул – жаруу, айруу, кесүү. Наристе төрөлгөндөн кийин жетинчи күнү союулуучу жандык жана эненин курсагында наристенин өскөн чачын алуу жана тазалоо.

Ошондой эле, акыйка – адамдын жана жаныбардын баласынын чачын, жана төөнүн баласынын жүнүн да айтат. Исламдын алгачкы доорунда акыйка кылуу ваажиб болгон, кийинчирээк ваажиб өкүмү жокко чыгарылып, суннат гойру муаккада м.а. мустахаб өкүмүндө калтырылган. Кээбир адамдар Имам Абу Ханифага (рахматуллохи алайхи) таандык кылып: «Имам Аъзам Абу Ханифа: Акыйка сүннөт эмес, тескерисинче бидъат, макрух тахримий» – деп айткан, деп айтышат, бул таптакыр туура эмес, курулай эле жалаа жабуу. Анткени, Имам Абу Ханифанын (рахматуллохи алайхи) суннат эмес – дегиндин түшүнүгү мындай: суннат экиге бөлүнөт: 1) Суннат муаккада, 2) суннат гойру муаккада. Имам Абу Ханифанын (рахматуллохи алайхи) «суннат эмес» - дегенинен максаты – суннат муаккада эмес, тескеринче «суннат гойру муаккада (мустахаб)» - дегени. Бул туурасында Аллама Айний (рахматуллохи алайхи) Бухаринин шархы болгон «Умдатул коориде» кеңири жазган.

«Бадаиъ санаиъ» де «акыйканын мансух»  болгону тууралуу алып келинген  ибараттын натыйжасын Шейх Мухаммад Анвар Шах Аль-Кашмирий (рахматуллохи алайхи) «Сахих Бухарий» нин шархы болгон «Файзул Баарий» де мындай деген: Имам Абу Ханифа (рахматуллохи алайхи) «АКЫЙКА» деген сөздүн атын гана жактырган эмес (анткени «АКЫЙКА» сөзүн араб тилиндеги «ЪУКУК»  деген сөздөн кабыл алган, себеби «ЪУКУК» жахилият доорундагы жөрөлгөнүн аты эле, анда жандык союлуп, анын канын наристенин башына сүртүлгөн шариятта тосулган  амалдар бар болгон мына дал ошонун себебинен Имам Абу Ханифа (рахматуллохи алайхи) жактырган эмес). Бирок «АКЫЙКА» сөзү «ЪУКУК» дан эмес, «ЪАККО» сөзүнөн алынган, мунун мааниси  жаруу, айруу, кесүү, наристе төрөлгөндөн кийин жетинчи күнү союулуучу жандык жана эненин курсагында наристенин өскөн чачын алуу жана тазалоо.

Натыйжада: Имам Абу Ханифа (рахматуллохи алайхи) «ЪУКУК» дан чыккан «АКЫЙКА» сөзүн мансух дегенин, көчүрүп – көчүрүп алып келип жатып, акыры «акыйка» сөзүн эмес, өзүн мансух деп айткан сөздү Имам Абу Ханифага (рахматуллохи алайхи) таандык кылып коюшту, бирок албетте мындай эмес (Имам Абу Ханифанын (рахматуллохи алайхи) көз карашында да «АКЫЙКА» өзү мустахаб, м.а. биздин мазхабта такыр жок эмес.Ал эми, Аллама Касаний (рахматуллохи алайхи) «Бадаиъ Санаиъ» китебинде мындай: кан чыгаруу – бул  Аллахка жакындоо жана Аллах берген перзентке шүгүр кылуу максат кылынган. Мына ошондуктан мустахаб.Демек, акыйка кылуу мустахаб, ваажиб жана суннат муаккада эмес. Кайсыл китептерде акыйка кылууну суннат деп жазган болсо, андан максат суннат гойру муаккада болуп эсептелет. Суннат гойру муаккада менен мустахаб экөөнүн ортосундагы айырма өтө алыс эмес, тескеринче жакын жана бир эле нерсе. Ошондой эле, кээбир фатва китептеринде «суннат, мустахаб, афзал жана авла» деген сөздөр менен жазылган, жана кээбирлери «мубах» деп да жазышкан. Ал эми, сооп ниети менен мубах иштерди кылуу, соопко ээ болот жана сооп алгандыктан ошол амал мустахаб болот. Ошондуктан, акыйканы суннат, мустахаб, афзал, авла жана мубах сөздөрү менен чечмелөө дурус, алардын ортосунда эч кандай ТАЪААРУЗ карама каршылыгы жок. Мазхабта жок – деп жооп берүү менен такыр жокко чыгаруу дурус эмес, ката. Анткени, Ханафийлердин эч бир китебинде «АКЫЙКА Ханафий мазхабта жок» - деген ибарат келген эмес.

Ответил: FATVA.KG, Администратор
Поделиться
Суроо: Ассаламу алейкум! Патолого – анатомиялык союп көрүү (вскрытия) боюнча шариаттын чечими кандай?
Жооп: Валейкум ассалам ва рахматуллахи ва баракатуху Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Адам тирүү кезинде жана өлгөндөн кийин дагы өзүнө болгон сыйлуу мамилеге укуктуу. Бул укукту ага шарият жана ошондой эле мамлекеттин закону жана конституциясы берет. Ошондуктан маркумду тиги дүйнөгө узатууда бир катар жөрөлгөлөр кылынат, анын катарында маркумдун денесине сыйлуу мамиле…
?
Суроо: Ассаламу алейкум! Пластикалык хирургия кылса болобу?
Жооп: Валейкум ассалам ва рахматуллахи ва баракатуху Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Азыркы мезгилде пластикалык хирургиянын Ислам укугунда уруксат берилгендиги же уруксат берилбегендиги мындайча айтканда адал же арам экендиги жөнүндөгү маселе кеңири талкууда. Хирургиянын бул түрүнө шарият уруксат берээр же бербесин билүү үчүн оболу анын максатын, багытын жана пластик…
?
Суроо: Ассаламу алейкум! Футбол ойноп намазга жетишпей калып убактысы отуп кетсе оюн арам болуп калабы?
Жооп: Валейкум ассалам ва рахматуллахи ва баракатуху Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Шариат боюнча футбол ойносо болот, бирок оюн себебинен шариат өкүмдөр унутуп калбаш керек. Эгерде оюн себебинен намаз жана башка өкүмдөр калып кетсе, анда бул оюн арам оюндарга кошулуп калат. Ошон үчүн сиз футбол ойногондо намазды эске алыңыз жана эч качан каза кылбаңыз. Намаз каза кы…
?