Жооп:
Валейкум ассалам ва рахматуллахи ва баракатуху
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим
الجواب حامدا ومصليا
Акыйканын сөздүктөгү мааниси бул – жаруу, айруу, кесүү. Наристе төрөлгөндөн кийин жетинчи күнү союулуучу жандык жана эненин курсагында наристенин өскөн чачын алуу жана тазалоо.
Ошондой эле, акыйка – адамдын жана жаныбардын баласынын чачын, жана төөнүн баласынын жүнүн да айтат. Исламдын алгачкы доорунда акыйка кылуу ваажиб болгон, кийинчирээк ваажиб өкүмү жокко чыгарылып, суннат гойру муаккада м.а. мустахаб өкүмүндө калтырылган. Кээбир адамдар Имам Абу Ханифага (рахматуллохи алайхи) таандык кылып: «Имам Аъзам Абу Ханифа: Акыйка сүннөт эмес, тескерисинче бидъат, макрух тахримий» – деп айткан, деп айтышат, бул таптакыр туура эмес, курулай эле жалаа жабуу. Анткени, Имам Абу Ханифанын (рахматуллохи алайхи) суннат эмес – дегиндин түшүнүгү мындай: суннат экиге бөлүнөт: 1) Суннат муаккада, 2) суннат гойру муаккада. Имам Абу Ханифанын (рахматуллохи алайхи) «суннат эмес» - дегенинен максаты – суннат муаккада эмес, тескеринче «суннат гойру муаккада (мустахаб)» - дегени. Бул туурасында Аллама Айний (рахматуллохи алайхи) Бухаринин шархы болгон «Умдатул коориде» кеңири жазган.
«Бадаиъ санаиъ» де «акыйканын мансух» болгону тууралуу алып келинген ибараттын натыйжасын Шейх Мухаммад Анвар Шах Аль-Кашмирий (рахматуллохи алайхи) «Сахих Бухарий» нин шархы болгон «Файзул Баарий» де мындай деген: Имам Абу Ханифа (рахматуллохи алайхи) «АКЫЙКА» деген сөздүн атын гана жактырган эмес (анткени «АКЫЙКА» сөзүн араб тилиндеги «ЪУКУК» деген сөздөн кабыл алган, себеби «ЪУКУК» жахилият доорундагы жөрөлгөнүн аты эле, анда жандык союлуп, анын канын наристенин башына сүртүлгөн шариятта тосулган амалдар бар болгон мына дал ошонун себебинен Имам Абу Ханифа (рахматуллохи алайхи) жактырган эмес). Бирок «АКЫЙКА» сөзү «ЪУКУК» дан эмес, «ЪАККО» сөзүнөн алынган, мунун мааниси жаруу, айруу, кесүү, наристе төрөлгөндөн кийин жетинчи күнү союулуучу жандык жана эненин курсагында наристенин өскөн чачын алуу жана тазалоо.
Натыйжада: Имам Абу Ханифа (рахматуллохи алайхи) «ЪУКУК» дан чыккан «АКЫЙКА» сөзүн мансух дегенин, көчүрүп – көчүрүп алып келип жатып, акыры «акыйка» сөзүн эмес, өзүн мансух деп айткан сөздү Имам Абу Ханифага (рахматуллохи алайхи) таандык кылып коюшту, бирок албетте мындай эмес (Имам Абу Ханифанын (рахматуллохи алайхи) көз карашында да «АКЫЙКА» өзү мустахаб, м.а. биздин мазхабта такыр жок эмес.Ал эми, Аллама Касаний (рахматуллохи алайхи) «Бадаиъ Санаиъ» китебинде мындай: кан чыгаруу – бул Аллахка жакындоо жана Аллах берген перзентке шүгүр кылуу максат кылынган. Мына ошондуктан мустахаб.Демек, акыйка кылуу мустахаб, ваажиб жана суннат муаккада эмес. Кайсыл китептерде акыйка кылууну суннат деп жазган болсо, андан максат суннат гойру муаккада болуп эсептелет. Суннат гойру муаккада менен мустахаб экөөнүн ортосундагы айырма өтө алыс эмес, тескеринче жакын жана бир эле нерсе. Ошондой эле, кээбир фатва китептеринде «суннат, мустахаб, афзал жана авла» деген сөздөр менен жазылган, жана кээбирлери «мубах» деп да жазышкан. Ал эми, сооп ниети менен мубах иштерди кылуу, соопко ээ болот жана сооп алгандыктан ошол амал мустахаб болот. Ошондуктан, акыйканы суннат, мустахаб, афзал, авла жана мубах сөздөрү менен чечмелөө дурус, алардын ортосунда эч кандай ТАЪААРУЗ карама каршылыгы жок. Мазхабта жок – деп жооп берүү менен такыр жокко чыгаруу дурус эмес, ката. Анткени, Ханафийлердин эч бир китебинде «АКЫЙКА Ханафий мазхабта жок» - деген ибарат келген эмес.