Фатвалар
Тамак алдында «бисмиллях»ты унутуп калса эмне болот?
29.09.2026

Суроо: Ассаламу алейкум! Тамак алдында «бисмиллях»ты унутуп калса эмне болот?

Жооп:

Валейкум ассалам ва рахматуллахи ва баракатуху

Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим

الجواب حامدا ومصليا

Тамактануунун бир нече сүннөттөрү бар, алардын арасынан тамакты баштоодон мурун «Бисмиллах»  деп айтуу да сүннөт. Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи ва саллам) айтты: «Араңардан кимдир бирөө тамак жегенде «Бисмиллах»  деп айтсын. Эгерде тамактануунун башында айтууну унутуп калса, анда «БИСМИЛЛАХИ АВВАЛАХУ ВА ААХИРОХУ»  деп айтсын.

وعن عَائشة رضي اللَّه عنها قالَتْ: قالَ رسولُ اللَّه صَلّى اللهُ عَلَيْهِ وسَلَّم: "إِذَا أكَلَ أَحَدُكُمْ فَليَذْكُر اسْمَ اللَّه تَعَالَى، فإنْ نَسِيَ أَنْ يَذْكُرَ اسْمَ اللَّه تَعَالَى في أَوَّلِهِ، فَليَقُلْ: بِسْمِ اللَّه أَوَّلَهُ وَآخِرَهُ " (رواه أبوداود رقم الحديث:٧٢٩).

والله أعلم بالصواب

(Башкы бетте колдонулган сүрөт интернет булактарынан алынды)

Поделиться