Аксак малды курмандыкка сойсо жарайбы?
Суроо: Аксак малды курмандыкка сойсо жарайбы?
Жооп: Эгерде малдын бир буту ооруп, бирок, ага карабастан ооруган буту басса, мейли аксаса да, мындай малды курмандыкка чалганга уруксат берилет.
Эгерде мал 1) бир бутун таптакыр жерге койбой, үч буту менен басат же 2) бутун жерге коёт, бирок, ал баспайт да анын денеси ал бутуна таянбайт анда мындай малды курмандыкка чалууга уруксат берилбейт.
…