Фатвалар
Сөйкө салуунун мааниси эмнеде?
27.07.2026

Суроо: Ассаламу алейкум! Сөйкө салуунун мааниси эмнеде?
Жооп:
Валейкум ассалам ва рахматуллахи ва баракатуху
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим
الجواب حامدا ومصليا
Исламда жасануу, кооздонуу, сулуулануу жана алтын, күмүш жасалгаларды колдонуу аялдар үчүн таптакыр тыйылган эмес тескерисинче шарияттын чектеринен чыкпай колдонсо уруксат. Аллах Таала мындай:
قُلْ مَنْ حَرَّمَ زِينَةَ اللَّهِ الَّتِي أَخْرَجَ لِعِبَادِهِ وَالطَّيِّبَاتِ مِنَ الرِّزْقِ (سورة الأعراف، الآية:٣٢).
Котормосу: «Аллах Таала өз пенделерине чыгарган, тартуулаган Аллахтын кооз нерселерин (кийимдерин, жасалгаларын) жана Ал берген жакшы насиптерди (ырыскыларды) силерге ким арам кылды? – деп айткын».
Демек, сөйкө тагынуу же сөйкө салуу ошондой эле шакек, билерик бул аял затынын кооздугу үчүн гана колдонгон бир белек болуп саналат. Ал бетте эркектер үчүн колдонуу дурус эмес.
ولا بأس بثقب أذن البنت والطفل استحسانا ظاهره أن المراد به الذكر مع أن الأذن لتعليق القرط وهو زينة النساء فلا يحل للذكور (در مع الرد: ج/٩، ص/٦٠٢).
والله أعلم بالصواب

(Башкы бетте колдонулган сүрөт интернет булактарынан алынды)

Поделиться