Фатвалар
Мен түшүмдө бир карангы бөлмөгө киргенде бир коркунучтуу кыз келди шайтан, жинге окшоп сүйлөдү эле мен Аль-Мульк сүрөсүнүн 1-5-болгон аяттарын окуганда ошол кыз сүйлөбөй калды, анан ойгонуп кеттим.
01.10.2026

Суроо: Ассаламу алейкум! Мен түшүмдө бир карангы бөлмөгө киргенде бир коркунучтуу кыз келди шайтан, жинге окшоп сүйлөдү эле мен Аль-Мульк сүрөсүнүн 1-5-болгон аяттарын окуганда ошол кыз сүйлөбөй калды, анан ойгонуп кеттим.

Жооп:

Валейкум ассалам ва рахматуллахи ва баракатуху

Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим

الجواب حامدا ومصليا

Бул түш шайтандан ага көнүл бурбаныз. Пайгамбарыбыз (соллаллоху алейхи ва саллам) айткан:

عن أبي قتادة عن رسول الله صلى الله عليه وسلم أنه قال: "الرؤيا من الله والحلم من الشيطان، فإذا رأى أحدكم شيئا يكرهه فلينفث عن يساره ثلاث مرات، وليستعذ بالله من شرها فإنها لا تضره" (رواه الترمذي رقم الحديث: ۲۲٧٧).

Котормосу: “Жакшы түш Аллахтан, жаман түш шайтандан. Эгерде бирөөнөр түштө коркунучтуу (жаман нерсе) көрсөнөр, анда сол жака үч жолу түкүрүп Аллах Тааладан ошол түшүтүн жамандыгынан сакта деп сурагыла, анан ошол түш зыян бербейт.

Эгерде коркунучтуу түш көрсөңуз, анда сол жака “Аузу биллахи минаш-шайтонир-ражим” айтып түкүруп кою керек. Ушундай үч жолу кылыш керек. Анан тургандан кийин эки рекет намаз окуп: “О Аллах ушул жаман түштүн таасирден мени сакта” – деп дуба кылуу керек. Жаман түштү эчкимге айтпаш керек.

Уктагандан алдын “Аят аль-Курси” жана үч жолу “Ихлас”, “Фалак”, “Нас” сүрөлөрүн окуп, колго үйлөп өзүнүзгө дем салыныз жана уйкунун дубаларды окунуз, ин шаа Аллах уктап жатканда эч кандай шайтан келбейт.

والله أعلم بالصواب

(Башкы бетте колдонулган сүрөт интернет булактарынан алынды)

Поделиться