Фатвалар
Мечиттин подвалын унаа токтотуучу жай кылса болобу?
26.11.2026

Суроо: Мечиттин подвалын унаа токтотуучу жай кылса болобу?

Жооп: Подвал башынан мечиттин көмөкчү жайы катары бөлүнгөнбү же шаръий мечиттин өзү катары вакф кылынганбы  өкүм ошого байланыштуу.

«Канз ад-дакаиктин» шархында:

«بِخِلَافِ مَا إِذَا كَانَ السِّرْدَابُ أَوِ الْعُلُوُّ مَوْقُوفًا لِمَصَالِحِ الْمَسْجِدِ فَإِنَّهُ يَجُوزُ»

Мааниси: «Подвал же үстүңкү бөлүк мечиттин муктаждыктары үчүн вакф кылынган болсо, уруксат».

Булак:  البحر الرائق شرح كنز الدقائق»، كتاب الوقف،   5/271–272

Муну унаа токтотуучу жайга колдонгондо:

Башынан көмөкчү жай катары каралса, жамааттын унаалары үчүн пайдаланууга негиз бар.

Шаръий мечит болуп бекитилген намаз жайын кийин парковкага айландырууга болбойт.

Түтүн, ызы-чуу, өрт коркунучу жана имаратка зыян болбошу керек.

Поделиться