Фатвалар
Кандайдыр бир иш кылып жатканда Куран укса болобу?
25.09.2026

Суроо: Ассаламу алейкум! Кандайдыр бир иш кылып жатканда Куран укса болобу?

Жооп:

Валейкум ассалам ва рахматуллахи ва баракатуху

Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим

الجواب حامدا ومصليا

Куран Аллах Тааланын китеби, ошондуктан ага сый – урмат жана адеп кылуу керек. Куран окулуп жатканда аны көңүл коюп угуу сыйлагандыкка жатса, демек Куран окулуп жатканда, кандайдыр бир иш менен алек болуу аны сыйлабагандыка жатат жана адепке каршы болот. Ошондуктан Куранды сиз аны угууну каалаганда жана анын адебин аткара алганда коюп угуу керек.

وَإِذَا قُرِئَ الْقُرْآنُ فَاسْتَمِعُوا لَهُ وَأَنصِتُوا لَعَلَّكُمْ تُرْحَمُونَ (الأعراف الآية: ٢٠٤).

Котормосу: “Эгер Куран окулса, унчукпастан аны уккула мүмкүн силерге ырайым кылынаар”.

والله أعلم بالصواب

Поделиться