Фатвалар
Кайсы учурда жалган айтууга уруксат? «Аялды алдап коюш керек» дегени туурабы?
26.11.2026

Суроо: Кайсы учурда жалган айтууга уруксат? «Аялды алдап коюш керек» дегени туурабы?

Жооп: «Аялды алдап жашаш керек» деген жалпы түшүнүк туура эмес. Негизги өкүм чынчылдык; уруксат чектелген максаттарга гана тиешелүү.

«Аль-Ихтиярда»:

ثُمَّ الْكَذِبُ مَحْظُورٌ إِلَّا فِي الْقِتَالِ لِلْخُدْعَةِ، وَفِي الصُّلْحِ بَيْنَ اثْنَيْنِ، وَفِي إِرْضَاءِ الرَّجُلِ الْأَهْلَ، وَفِي دَفْعِ الظَّالِمِ عَنِ الظُّلْمِ

Мааниси: «Жалганга тыюу салынат. Согуштагы айла-амал, эки кишини жараштыруу, үй-бүлөнүн көңүлүн алуу жана залимдин зулумдугун токтотуу учурларда уруксат берилет».

Булак: الاختيار لتعليل المختار»، كتاب الكراهية، فصل في الكلام

Жубайлардын ортосундагы уруксат мээримди бекемдөөчү, көңүлдү жубатуучу сөздөргө тиешелүү. Бул күйөөгө да, аялга да байланыштуу. Аны махрды, нафаканы, карызды жашырууга, укукту жегенге, чыккынчылыкты актоого колдонууга болбойт. Согуштагы уруксат да келишимди бузуп, кыянаттык кылууга уруксат эмес.

Поделиться