Фатвалар
Эки команда ортого бирдеке койуп уткан команда эч теке кылбай утулган команда бардыгын төлөсө ошол оюн харамбы?
29.09.2026

Суроо: Ассаламу алейкум! Эки команда ортого бирдеке койуп уткан команда эч теке кылбай утулган команда бардыгын төлөсө ошол оюн харамбы?

Жооп:

Валейкум ассалам ва рахматуллахи ва баракатуху

Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим

الجواب حامدا ومصليا

Кайсы оюндарга шариатта тыю салынбаган болсо жана ден соолукка пайдасы бар болсо, жана ал оюндардын ичинде кумар жок болсо, анда  ал оюндарды ойносо болот. Сиз сураган оюнда кумар бар болуп жатат. Ошол үчүн андай шарт менен ойногон болбойт.

في الدر: (وجازت المسابقة بالفرس والإبل والأرجل والرمي) ليرتاض للجهاد (وحرم شرط الجعل من الجانبين) (رد المحتار ٦/٧٥۲ ط: سعيد).

والله أعلم بالصواب

(Башкы бетте колдонулган сүрөт интернет булактарынан алынды)

Поделиться