Суроо: Чачтын эки жагын алып, ортосун калтырса болобу?
Жооп: Эки жагын кырып, ортосун калтыруу «казаъ» القزع түшүнүгүнө кирет жана макрух. Ал эми эки жагын кыскараак кылып, бүт башта чач калтыруу ар дайым эле казаъ менен бирдей эмес.
Ханафий мазхабынын китептеринде мындай кеп бар:
«وَيُكْرَهُ الْقَزَعُ، وَهُوَ أَنْ يَحْلِقَ الْبَعْضَ وَيَتْرُكَ الْبَعْضَ»
Мааниси: «Казаъ макрух. Ал — чачтын бир бөлүгүн кырып, бир бөлүгүн калтыруу».
Булак: «رد المحتار»، كتاب الحظر والإباحة، 6/407,
Ошондуктан «прическа» деген аталыштын өзү менен өкүм чыгарылбайт: чындап кырылганбы же жөн гана узундугу айырмаланабы ошону кароо керек.