Фатвалар
Бетке чыккан түктөрдү тазаласа болобу?
01.10.2026

Суроо: Ассаламу алейкум! Бетке чыккан түктөрдү тазаласа болобу?

Жооп:

Валейкум ассалам ва рахматуллахи ва баракатуху

Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим

الجواب حامدا ومصليا

Жаактын сөөгүнө чыккан түк ал сакал болуп саналат. Ал эми жаактын сөөгүнүн үстүнкү жагы бет болгондуктан аны ошол жаактын сөөгүнүн кырына чейин тазаласа болот. Себеби бетке чыккан түк сакал болуп саналбайт.

و لا بأس بالأخذ من الحاجبين و شعر وجهه ما لم يشبه فعل المخنث (رد المحتار: ٦/۳٧۳ وكذا في الفتاوي الهندية:٥/۳٥٨)

و قال العلامة الكشميري رحمه الله: أم الأشعار التي علي الخدين فليست من اللحية لغة، و ان كره الفقهاء أخذها لأنه إن كان بالحديد فذلك يوجب الخشونة في الخدين و إن كان بالنتف فإنه يضعف البصر. (فيض الباري:٤/۳٨٠ باب قص الشعر، كتاب اللباس)

Ал эми эриндин астына чыккан түкчө ал сакалдын өкүмүндө болот, жана ошол түкчөнүн эки капталына, ууртуна чыккан түкчөнү тазалоо Факих уламаларыбыз бидъат деп жазышкан.

" ونتف الفنيكين بدعة و هما جانبا العنفقة و هي الشعر الشفة السفلي" (فتاوي الشامي: ٦/۳٧۳) (وكذا في الهندية: ٥/۳٥٨)."

وكان ابن عمر رضي الله عنهما يحفي شاربه حتي ينظر الي بياض الجلد و يأخذ هذين يعني بين الشارب و اللحية. (رواه البخاري في باب قص الشارب: ٢/٨٧٤،ط:فيصل)

والله أعلم بالصواب

(Башкы бетте колдонулган сүрөт интернет булактарынан алынды)

Поделиться