Суроо: Ассаламу алейкум! Балам бир жашта, көбүнчө шам киргенде уктап калат. Шамда уктабаш керек деп чоң энелерибиз айтчу эле. Чынында эле шамда уктатпаш керекби?
Жооп:
Валейкум ассалам ва рахматуллахи ва баракатуху
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим
الجواب حامدا ومصليا
Негизи чоң энелерибиз айткан сөздүн акыйкаты бар. Себеби, «Пайгамбарыбыз (соллаллооху ъалайхи ва саллам) куптан намазынан мурун уктаганды жана куптан намаздан соң сүйлөшүп отурганды жактырчу эмес» – деп риваяттарда айтылат. (Бухари) (باب ما يكره من النوم قبل العشاء. رقم الحديث ٥٦٨)
Эми шам намаздан кийин уктабасын дегени – уктап калып куптан намаз калып кетпесин үчүн айтылган. Бирок, жаш бала уктай берсе эч нерсе болбойт, эч кандай күнөө да эмес. Жаш бала кайсыл учурда уйкусу келсе, уктата бериңиз.
والله أعلم بالصواب