Фатвалар
«Атанын балага кылган дубасы кабыл болот» – дейт, эгер атасы 40 күн дуба кабыл болбой турган акбалда болсо (арак ичсе, арам жесе.ж.б.у.с) дубасы өтөбү же өтпөйбү?
30.09.2026

Суроо: Ассаламу алейкум! «Атанын балага кылган дубасы кабыл болот» – дейт, эгер атасы 40 күн дуба кабыл болбой турган акбалда болсо (арак ичсе, арам жесе.ж.б.у.с) дубасы өтөбү же өтпөйбү?

Жооп:

Валейкум ассалам ва рахматуллахи ва баракатуху

Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим

الجواب حامدا ومصليا

Динибизде арак жана ошого окшогон арам нерселерди ичип-жегендер үчүн катуу эскертүүлөр айтылган. Арак ичкен адамдын ыйманы өтө алсырайт, андай инсанга Аллах Таала каргыш айткан. Арак бул бардык жаман иштердин башаты.

Дагы бир хадисте мындай деп келет:

"من شرب الخمر لم تقبل له صلوة اربعين صباحا" (الترمذى)

Мааниси: «Кимде-ким арак ичкен болсо, анын кырк күндүк намазы кабыл болбойт». (Тирмизи)

Мына ушул хадистен, арак ичкен адамдын намазы кабыл болбойт экендиги маалым болот. Намазы кабыл болбойт дегени, анын сооптору, намаз үчүн берилген убадалар берилбейт деп айтабыз. Эми намаз – эң маанилүү ибадат болгондон кийин, калган ибадаттары да ушундай эле болот. Бирок, ал адам чындап, чын жүрөгү менен тообо кылган болсо, анда (ин шаа Аллах) ал адамдын дубалары кабыл болот деп үмүт кылабыз. Өзгөчө бала-чакасына кылган дубасы кабыл боло турган дубаларга кирет. Ошондуктан, арак ичкен адам чындап тообо кылып, балдарына батасын бере берсин. Себеби, жогоруда жазылган хадистин уландысында мындай деп келет:

" من شرب الخمر لم تقبل له صلوة اربعين صباحا فإن تاب تاب الله عليه..." (الترمذى)

«Кимде-ким арак ичкен болсо, анын 40 күндүк намазы кабыл болбойт. А эгерде тообо кыла турган болсо, анын тообосун Аллах кабыл кылат...» (Тирмизи)

Мына ушул хадистеги: «А эгерде тообо кыла турган болсо, анын тообосун Аллах кабыл кылат», – деген сөздөн, эгерде тообо кылып, дуба кылган болсо дубалары кабыл болот.

والله أعلم بالصواب

Поделиться