Аялдар мн кол кармашып корушкон болбойт деп уккам бирок кээ бирөлөр корушсо болот дейт ошондо махрамдардан башка кимдер менен учурашканга болот?
Суроо: Ассаламу алейкум! Аялдар мн кол кармашып корушкон болбойт деп уккам бирок кээ бирөлөр корушсо болот дейт ошондо махрамдардан башка кимдер менен учурашканга болот?
Жооп:
Валейкум ассалам ва рахматуллахи ва баракатуху
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим
الجواب حامدا ومصليا
Шариатта махрам эмес аялдар менен кол кармашып учурашкан жана жалгыз аны менен отурган да болбойт. Сиз уккан сөз туура эмес.
Ал эми аял өтө карып калган кемпир болсо, анда ал аял менен кол кармашып учурашса зарылчылыкта болот.
في الدر: أما العجوز التي لا تشتهى فلا بأس بمصافحتها ومس يدها إذا أمن (رد المحتار ٦/۳٦۸ ط: سعيد).
والله أعلم بالصواب