Фатвалар
Сөзсүз саарлык кылыш керекпи? Кечинде ниет кылып эле ооз бекитип койсо, кандай болот?
24.11.2026

Суроо: Сөзсүз саарлык кылыш керекпи? Кечинде ниет кылып эле ооз бекитип койсо, кандай болот?

Жооп: Сухур (саарлык) ― бул субх ас-садык убактысына чейинки, таң атаардагы тамактануу.

السحور ما يؤكل في السحور وهو السدس الأخير من الليل. (البحر الرائق ٢/٥١١ ط: دار الكتب العلمية).

Орозо кармоочу адам ачка болбосо да, сүннөткө амал кылуу максатында бир курма болсо да жеп, бир жутум суу болсо да ууртап коюу керек. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын саламы жана салаваты болсун) айткан: «Бир ууртам суу менен болсо да, саарлык кылгыла».

عن عبد الله بن عمر قال: قال رسول الله صلى الله عليه وسلم: «تسحروا ولو بجرعة من ماء». (رواه ابن حبان في صحيحه رقم: ٣٤٦٧ ).

:تسحروا ولو بجرعة من ماء (ع عن أنس). (كنز العمال رقم الحديث

٢٣٩٦٨ ط: بيروت).

Поделиться