Суроо: Орозо учурунда тиш жулдурса болобу?
Жооп: Орозо учурунда, эгерде зарылдык туулса, анда тишти жулдурууга болот. Бирок кандын тамакка кирип кетүүсүнөн этият болуу керек, болбосо орозо бузулат. Ошондуктан орозо учурунда тиштерди жулдурбаган дурус жана бардык дарылоо процедураларын орозо башталганча бүтүрүп алуу керек.
Эгерде тишти жулдурганда, кокусунан кан же дары ашказанга кире турган болсо, орозо бузулат жана кийин казасын тутуп берүү керек, бирок каффара важиб болбойт.
ومن قلع ضرسه في رمضان ودخل الدم إلى جوفه في النهار ولونائما فيجب عليه القضاء إلا أن يفرق بعدم أمكان التحرز عنه فيكون كالقئ الذي عاد بنفسه فليراجع. (رد المحتار ٢/٣٩٦ ط: سعيد).