Фатвалар
Орозо маалында айызы (менструация) келген аял эмне кылыш керек?
24.11.2026

Суроо: Орозо маалында айызы (менструация) келген аял эмне кылыш керек?

Жооп: Айыз орозо учурунда күн батарга бир нече мүнөт калганда башталса да, ошол күндүн орозосу бузулат. Рамазандан кийин ал күндү толуктап, кармап берүү керек.

Орозо маалында аялдын айызы келе баштаса, орозосу бузулат жана ага жеп-ичүүгө уруксат берилет. Бирок элге көрсөтпөй жеп-ичкени жакшыраак. Ошол күндүн орозосун, айызы себебинен калтырган орозолору менен катар эле кармап берүү керек. Башкача айтканда, айызы башталган күндү да толуктап берүүгө тийиш.

Айыз учурунда намаз окууга жана орозо кармоого уруксат берилбейт.

Айызы бүткөн соң, милдеттүү түрдө намаз окуп, орозо кармап баштоо керек.

Поделиться