Суроо: Орозо кармаган адамдын курсагын тойгузганга кандай сооп берилет?
Жооп: Рамазан айында орозо кармаган адамдын оозун ачыруу, кичине күнөөлөрдүн кечирилүүсүнө, тозок отунан кутулууга себеп болот. Ооз ачырган адам ошол орозо кармаган адамдын тапкан сообуна да ээ болот жана орозо кармаган адамдын сообунан эч кемитилбейт.
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын саламы жана салаваты болсун) айткан: «Бул айда ким орозо кармаган адамдын оозун ачырса, анын кичине күнөөлөрү кечирилет, от азабынан кутулат, орозо кармаган адамдын сообуна ээ болот, ал эми орозо кармаган адамдын сообу эч бир кемибейт». Сахабалар даттанышты: «О, Аллахтын элчиси (ага Аллахтын саламы жана салаваты болсун) биздин ар бирибиздин эле орозо кармаган адамдарга тамак берүүгө мүмкүнчүлүгүбүз жок». Аллахтын элчиси (ага Аллахтын саламы жана салаваты болсун) аларга айтты: «Аллах Таала бул соопко бир курма болсо да берген, же бир жутум суу же сүт болсо да ууртаткан адамды ээ кылат», ― деп жооп берди.
من فطر فيه صائما كان له مغفرة لذنوبه و عتق رقبته من النار و كان له مثل أجره من غير أن ينقص من أجره شيء، قالوا يا رسول الله صلى الله عليه و سلم ليس كلنا يجد ما نفطر الصائم ، فقال رسول الله صلى الله عليه و سلم: يعطي الله هذا الثواب من فطر صائما على تمرة أو على شربة ماء أو مذقة لبن. (مشكاة المصابيح ج: ١ ص: ١٧٥ ط: رحمانيه).
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын саламы жана салаваты болсун) айткан: «Ким орозо кармаган адамга тойгуза тамак берсе, Аллах Таала ага менин көлмөмөн (Каусардан) бир ууртам суу ичирет жана Бейишке кирмейинче, ал чаңкабайт».
من أشبع صائما سقاه الله من حوضي شربة لا يظمأ حتى يدخل الجنة. (مشكاة المصابيح ج: ١ ص: ١٧٥ ط: رحمانيه).