Фатвалар
Орозо кармаган адам суу менен оозун чайкаса болобу?
24.11.2026

Суроо: Орозо кармаган адам суу менен оозун чайкаса болобу?

Жооп: Орозо кармаган адам даарат алып жатканда, суу тамакка кирип кетпеш үчүн оозду этияттык менен чайкоо керек.

Эгер кимдир бирөө оозун чайкап жатып, этиятсыздыктан тамагына суу киргизип жиберсе жана ал орозо экенин унутпаса, орозосу бузулат. Кийин казасын тутуп берүүгө милдеттүү болот, каффара важиб болбойт. Ал эми орозо экенин унутуп калса, орозосу бузулбайт, орозону улантып кармай берүү керек.

Поделиться