Фатвалар
Мастурбация орозону жараксыз кылабы?
23.11.2026

Суроо: Мастурбация орозону жараксыз кылабы?

Жооп: Шариятта мастубарция кылууга тыюу салынат жана чоң күнөө болуп эсептелет. Ошондой болсо да, орозо учурунда мындай жагымсыз жагдай болушу мүмкүн. Мындай күнөө кылган адамдын уругу чыккан болсо, орозосу бузулат жана ошол күндү толуктоого тийиш. Ал гусул кылууга дагы милдеттүү. Ал эми уругу чыкпаса, орозосу бузулбайт жана гусул кылууга милдеттүү эмес.

في الرد: (قوله: وكذا الاستمناء بالكف) أي في كونه لا يفسد لكن هذا إذا لم ينزل أما إذا أنزل فعليه القضاء كما سيصرح به وهو المختار. (رد المحتار ٢/٣٩٩ ط: سعيد

Эскертүү: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын саламы жана салаваты болсун) айткан: «Аллах Таала кыямат күнү жети түрдүү адамга карабайт жана аларды тазалабайт: … Өзүнүн колун никелеген адамды…»

عن أنس بن مالك رضي الله عنه عن النبي صلى الله عليه وسلم قال: «سبعة لا ينظر الله إليهم يوم القيامة ولا يزكيهم... : الناكح يده…» (تفسير ابن كثير ٣/٢٣٢ ط: مؤسسة الكتب الثقافية).

Поделиться