Суроо: Кадыр түнү кандай ибадаттарды кылуу сунушталат?
Жооп: Бул түнү эмне кылуу керек? Көпчүлүгү бул түнү уктабаш керек дешет, ошондуктан алар укташпайт. Аны сүйлөшүү жана пайдасыз иштер менен өткөрүшөт. Бул кадыр түн жөнүндө туура эмес түшүнүк. Түнү көбүрөөк намаз, Куран окуп, Аллах Тааланы көп эстеп, зикир-дубаларды көп кылуу керек. Көпчүлүк такыбаалар ушул түнгө жолугушуп калуу үчүн Рамазандын акыркы он күнүн ибадат менен өткөрүшөт. Ошондуктан Аллахтын көбүрөөк сообуна, мээримине, берекесине ээ болуп калуу үчүн Рамазандын акыркы он түнүн, жок дегенде так түндөрүн ибадатта өткөрүүгө аракет кылуу керек.