Фатвалар
Намаз окуп жатканда арт жагында телевизор иштеп турса, намаз өтө береби? Телевизордон чыккан адамдардын, жаныбарлардын сүрөтү намазды жараксыз кылбайбы?
26.11.2026

Суроо: Намаз окуп жатканда арт жагында телевизор иштеп турса, намаз өтө береби? Телевизордон чыккан адамдардын, жаныбарлардын сүрөтү намазды жараксыз кылбайбы?

Жооп: Намаз окуп жатканда, арт жагында телевизор иштеп турса, анда намаз жарактуу болот. Бирок берилгендик менен окууга жолтоо болгондук себептен, телевизор иштеп турганы жакшы эмес.

Ал эми адам жана жаныбардын сүрөттөрү намаз окуучу кишинин алды жагында же сажда кыла турган ордунда, арт жагында болсо намаз жарактуу болот. Бирок, макрух. Эгер олтурган жеринде, буттун астында болсо, макрух эмес.

Поделиться