Фатвалар
Мен жаш балам менен намаздарыма жетишпей жатам парздарын окуп койсом болобу?
25.11.2026

Суроо: Ассаламаллейкум! Мен жаш балам менен намаздарыма жетишпей жатам парздарын окуп койсом болобу? Балам төрт айлык.

Жооп:

Парз намаздан мурдагы жана кийинки намаздар бекемделген сүннөт намаздар болуп саналат. Бул намаздарды олуттуу себепсиз таштаган адам күнөөкөр болот. Ошондуктан жетишпей жатам деп эле сүннөт намаздарды таштаганга болбойт. Эгер балаңыз менен алек болуп анча-мынча сүннөт намаздарды окубай калсаңыз кечиримдүү. Бирок окубай таштап коюуну адат кылып алсаңыз күнөөкөр болосуз.

في الرد: (قَوْلُهُ وَسُنَّ مُؤَكَّدًا) أَيْ اسْتِنَانًا مُؤَكَّدًا؛ بِمَعْنَى أَنَّهُ طُلِبَ طَلَبًا مُؤَكَّدًا زِيَادَةً عَلَى بَقِيَّةِ النَّوَافِلِ، وَلِهَذَا كَانَتْ السُّنَّةُ الْمُؤَكَّدَةُ قَرِيبَةً مِنْ الْوَاجِبِ فِي لُحُوقِ الْإِثْمِ كَمَا فِي الْبَحْرِ، وَيَسْتَوْجِبُ تَارِكُهَا التَّضْلِيلَ وَاللَّوْمَ كَمَا فِي التَّحْرِيرِ: أَيْ عَلَى سَبِيلِ الْإِصْرَارِ بِلَا عُذْرٍ كَمَا فِي شَرْحِهِ وَقَدَّمْنَا بَقِيَّةَ الْكَلَامِ عَلَى ذَلِكَ فِي سُنَنِ الْوُضُوءِ.

(الرد المختار 4\254 باب الوتر والنوافل ط. دار السلام)

فقط والله اعلم

Поделиться