Фатвалар
Куптандын үчүнчү рекетинде акыркы отурум деп отуруп, «Аттахиятты» баштап алды. Эмне кылат?
26.11.2026

Суроо: Куптандын үчүнчү рекетинде акыркы отурум деп отуруп, «Аттахиятты» баштап алды. Эмне кылат?

Жооп: Үчүнчү рекеттин эки саждасынан кийин жаңылыш отурган болсо, эсине келери менен туруп, төртүнчү рекетти окуйт. Үчүнчү рекетти кайра окубайт.

Эгер отуруусу бир рукн өлчөмүнө  болжол менен үч жолу «Субханаллах» айтууга жеткен болсо, аягында сахв (жаңылуу) саждасы важип болот. Дароо туруп, мынчалык кечиктирбесе, ушул себептен сахв саждасы талап кылынбайт.

Ханафий китептерде мындай айтылат:

«وَالسَّهْوُ يَلْزَمُ إِذَا زَادَ فِي صَلَاتِهِ فِعْلًا مِنْ جِنْسِهَا لَيْسَ مِنْهَا»

Мааниси: «Намаздын амалдарынан болгон, бирок ошол жерде талап кылынбаган бир амалды кошсо, сахв саждасы керек болот».

Булак: مختصر القدوري باب سجود السهو  34-б.

Сахв саждасын аткаруу: акыркы отурумда «Аттахиятты» окуп, оң жакка салам берип, эки сажда кылат; кайра отуруп, ташаххуд, салават жана дубаны окуп, салам менен бүтүрөт. Бул жалгыз окуган же имам болгон адамга тиешелүү. Имамга уюган киши өз катасы үчүн өзүнчө сахв саждасын кылбайт.

Поделиться