Суроо: Аксак малды курмандыкка сойсо жарайбы?
Жооп: Эгерде малдын бир буту ооруп, бирок, ага карабастан ооруган буту басса, мейли аксаса да, мындай малды курмандыкка чалганга уруксат берилет.
Эгерде мал 1) бир бутун таптакыр жерге койбой, үч буту менен басат же 2) бутун жерге коёт, бирок, ал баспайт да анын денеси ал бутуна таянбайт анда мындай малды курмандыкка чалууга уруксат берилбейт.
Эгерде мал ушунчалык аксап, курмандык чалган жерге жетпесе, анда аны курмандыкка чалганга уруксат берилбейт.
في الدر: (لا بالعمياء... (والعرجاء التي لا تمشي إلى المنسك) أي المذبح.
وتحته في الرد: (قوله والعرجاء) أي التي لا يمكنها المشي برجلها العرجاء إنما تمشي بثلاث قوائم حتى لو كانت تضع الرابعة على الأرض وتستعين بها جاز عناية. (رد المحتار ٦/٣٢٣ ط: سعيد).