Фатвалар
Бир жыл сакталган 500 000 сому бар, бирок банкка карыз. Зекет береби?
27.11.2026

Суроо: Бир жыл сакталган 500 000 сому бар, бирок банкка карыз. Зекет береби?

Жооп: Карыздын суммасы жана мөөнөтү аныкталмайынча акыркы эсеп чыгарылбайт. Ханафий китептериндеги негиз  эсепке алынуучу карыз алынгандан кийин калган зекеттик мал нисабга жетсе, зекет берилет.

«وَإِنْ كَانَ مَالُهُ أَكْثَرَ مِنَ الدَّيْنِ زَكَّى الْفَاضِلَ إِذَا بَلَغَ نِصَابًا»

Мааниси: «Малы карызынан көп болсо, ашкан бөлүгү нисабга жеткенде анын зекетин берет».

Булак:   كتاب الزكاة   مختصر القدوري  51-б.

Мисалы, 500 000 сомдон кемитиле турган карыз 200 000 сом болсо, 300 000 сом калат. Эгер ал 300 000 сом нисабга жетип, башка шарттары аткарылса:

300 000 × 2,5% = 7 500 сом.

Карыз кемитилбесе, 500 000 сомдун 2,5%ы  12 500 сом болмок.

Зекет маселеси шарыяттык тактыктарга муктаж болгондуктан муфтиятты фатва бөлүмүнө кайрылуңузду сунуштайбыз.

Бөлүшүү