Фатвалар
Мен шоколадка ар кандай форма берип жасап үйдөн иштейм. 2021, балаты, келе жаткан жылдын символу болгон Уйдун формасында жасап сатсам болобу? Бул шоколад жейилип кетет. Өзүм жаңы жыл белгилебейм, мага кошумча киреше табуунун гана бир жолу.
28.09.2026

Суроо: Ассаламу алейкум! Мен шоколадка ар кандай форма берип жасап үйдөн иштейм. 2021, балаты, келе жаткан жылдын символу болгон Уйдун формасында жасап сатсам болобу? Бул шоколад жейилип кетет. Өзүм жаңы жыл белгилебейм, мага кошумча киреше табуунун гана бир жолу.

Жооп:

Валейкум ассалам ва рахматуллахи ва баракатуху

Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим

الجواب حامدا ومصليا

Шариат боюнча жандуу нерсени жасаганга болбойт. Кыямат күнү ошол жасаган нерсени Аллах Таала тирилткиле деп өкүм берет. Пайгамбарыбыз (соллаллоху алейхи ва саллам) хадисте айтат:

عن عبد الله بن عمر رضي الله عنه قال: قال رسول الله صلى الله عليه وسلم: "إن الذين يصنعون هذه الصور يعذبون يوم القيامة، يقال لهم: أحيوا ما خلقتم" (رواه البخاري رقم الحديث: ٥٩٥١ باب عذاب المصورين يوم القيامة).

Котормосу: “Албетте, ушул сүрөттөрдү жасаган адамдар, кыямат күнү азапталышат жана аларга айтылат: “тирилткиле жасаган сүрөтүңөрдү”.

وعن جابررضي الله عنه قال: نهى رسول الله صلى الله عليه وسلم عن الصورة في البيت ونهى أن يصنع ذلك (رواه الترمذي رقم الحديث: ١٧٤٩).

Котормосу: “Жабир (радиаллоху анху) айтат: Пайгамбарыбыз (соллаллоху алейхи ва саллам) үйдүн ичинде сүрөттөрдү илип койгонго тыю салды жана сүрөт жасаганга да тыю салды”.

عن عبد الله بن مسعود رضي الله عنه قال: سمعت النبي صلى الله عليه وسلم يقول: "إن أشد الناس عذابا عند الله يوم القيامة المصورون" (رواه البخاري رقم الحديث: ٥٩٥٠ باب عذاب المصوؤين يوم القيامة).  

Котормосу: “Кыямат күнү Алланын алдынды эң катуу азап чеккендер булар сүрөт тарткандар болушат”.

Ошол үчүн сиз торт жасап жатканда жандуу нерсени жасабаңыз, уй же ушундай сыяктуу, себеби жандуу нерсени жасоо өтө чоң күнөө болуп эсептелет, ушундан сактануу зарыл.

Ал эми жаңы жок нерсени жазаса болот.

والله أعلم بالصواب

Бөлүшүү