Суроо: Мечиттин үстүн дааватчылар жата турган бөлмө кылса болобу?
Жооп: Башынан бөлүнгөн көмөкчү бөлмө менен мурда шаръий мечит болуп калган чатырдын өкүмү башка.
Шархта:
«إِذَا بَنَى مَسْجِدًا وَبَنَى غُرْفَةً وَهُوَ فِي يَدِهِ فَلَهُ ذَلِكَ ... ثُمَّ جَاءَ بَعْدَ ذَلِكَ يَبْنِي لَا يُتْرَكُ»
Мааниси: «Мечитти куруп жатканда, ал өзүнүн карамагында турган кезинде бөлмө курса болот. Бирок аны элге мечит катары өткөрүп бергенден кийин келип бөлмө курууга жол берилбейт».
Ошондой эле:
«وَلَا يَجُوزُ لِلْقَيِّمِ أَنْ يَجْعَلَ شَيْئًا مِنَ الْمَسْجِدِ مُسْتَغَلًّا وَلَا مَسْكَنًا»
Мааниси: «Мечиттин башкаруучусу мечиттин бир бөлүгүн киреше табуучу жайга же турак жайга айландыра албайт».
Булак: البحر الرائق، كتاب الوقف، 5/271–272.
Демек, башынан конок бөлмөсү катары өзүнчө бөлүнгөн жай вакф шартына ылайык пайдаланылат. Ал эми мечиттин өзүн кийин жатаканага айландыруу «даават үчүн» деген аталыш менен эле уруксат болуп калбайт.