Суроо: «Дуба кылып берем, турмушуң оңолуп кетет» деп акча алса болобу?
Жооп: «Акча берсең, дубам аркылуу турмушуң сөзсүз оңолот» деп кепилдик берип, адамды ишендирип акча алуу туура эмес. Дубанын кабыл болушу жана натыйжасы дуба кылган кишинин карамагында эмес. Бирок дуба үчүн акы алуу маселесинин өзүндө ханафий аалымдардын түшүндүрмөлөрү бирдей эмес. Ошондуктан бардык көрүнүшүн бир өкүм менен арам деп айтуудан сактануу керек.
Ханафий мазхабынын ишенимдүү булактарында жалпы мындай негиз бар:
«وَلَا يَجُوزُ الِاسْتِئْجَارُ عَلَى الْأَذَانِ وَالْإِقَامَةِ وَالْحَجِّ»
Мааниси: «Азан, икамат жана ажылык сыяктуу ибадаттар үчүн жалдоо келишимин түзүүгө болбойт».
Булак: مختصر القدوري، كتاب الإجارة، 104-б.
Бул ибадат үчүн акы алуу жөнүндөгү баштапкы негиз; дубанын бардык түрүнө түз айтылган өзүнчө өкүм эмес. Кийинки аалымдар айрым иштерге зарылчылык негизинде уруксат беришкен. Мисалы азанчыга акы берүү. Ага акы бербесең бир кишини мечитке келип беш маал азан айттыруу бир топ кыйынчылык жаратат. Ошол зарылчылыкты алып акы алганга уруксат беришкен. Ал эми сиз айткан дуба алуу бул зарылчылыктарга кирбейт.
Ал эми бирөө сизге бата берсе, сиз ага чын дилден белек берсеңиз буга эч кандай тыйуу жок.