Фатвалар
Ассалааму алейкум!Адам жаңы каза болгондо сурагы жеңил болсун, акырет азабы жеңил болсун деп кандай сүрөөлөрдү окуса болот?
25.11.2026

Суроо: Ассалааму алейкум!Адам жаңы каза болгондо сурагы жеңил болсун, акырет азабы жеңил болсун деп кандай сүрөөлөрдү окуса болот?

بسم الله الرحمن الرحيم

الجواب حامدا ومصليا

Жооп:

Сиз кайсы сүрөөлөрдү билсеңиз ошолорду окуп дуба кылсаңыз болот М: Фатиха, Бакара сүрөөсүнүн башкы беш аятын, Аяталь курси, Ааманар росул, Ясин, Мүлк сүрөөлөрүн же Такаасур жана Ихлас сүрөөсүн он эки, он бир, жети, үч жолудан окуп сообун каза болгон кишиге багыштап, Аллах Тааладан каза болгон кишинин күнөөлөрүн кечириштигин, сурагын жеңил кылыштыгын жана акыретте азапка салбаштыгын сурап дуба кылсаңыз болот. Хадисте келген:« Ким көрүстөнгө кирип «Ясин» сүрөөсүн окуса, Аллах Таала ошол күнү көрүстөндөгүлөргө жеңилдик кылат жана окуган кишиге көрүстөнгө канча киши коюлган болсо ошончо сооп берет».

في الدر: ويقرأ يس‘ وفي الحديث : ((من قرأ الإخلاص إحدى عشرة مرة‘ ثم وهب أجرها للأموات أعطي من الأجر بعدد الأموات))

في الرد: (قوله: ويقرأ يس) لما ورد: ((من دخل المقابر فقرأ سورة يس خفف الله عنهم يومئذ‘ وكان له بعدد من فيها حسنات)) ʺ بحرʺ وفي ʺشرح اللبابʺ ((ويقرأ من القرآن ما تيسر له من الفاتحة‘ وأول البقرة إلى المفلحون‘ وآية الكرسي‘ وآمن الرسول‘ وسورة يس‘ وتبارك الملك‘ وسورة التكاثر والإخلاص اثنتي عشرة مرة أو إحدى عشرة أو سبعا أو ثلاثا‘ ثم يقول: اللهم أوصل ثواب ما قرأناه إلى فلان أو إليهم))

(رد المختار 5\368 باب صلاة الجنائز ط. دار السلام)

فقط والله اعلم

 (Башкы бетте колдонулган сүрөт интернет булактарынан алынды)

 

Бөлүшүү