Фатвалар
Аялдар аскердик кызматта иштесе болобу?
26.11.2026

Суроо: Аялдар аскердик кызматта иштесе болобу?

Жооп: Аскердик мекемеде иштөөнүн бардык түрүн бирдей арам же бирдей адал деп айтууга болбойт. Аткарган милдети жана иштөө шарттары каралат.

Жалпысынан Ханафий китептерде мындай айтылат:

«وَلَا بَأْسَ بِإِخْرَاجِ النِّسَاءِ ... مَعَ الْمُسْلِمِينَ إِذَا كَانَ عَسْكَرًا عَظِيمًا يُؤْمَنُ عَلَيْهِ»

Мааниси: «Коопсуздугу камсыздалган чоң кошуун менен аялдардын чыгышында күнөө жок».

Ошондой эле:

«وَلَا تُقَاتِلُ الْمَرْأَةُ إِلَّا بِإِذْنِ زَوْجِهَا ... إِلَّا أَنْ يَهْجُمَ الْعَدُوُّ»

Мааниси: «Аял күйөөсүнүн уруксатысыз согушка катышпайт; бирок душман басып кирген жагдайда уруксатсыз согушат».

Булак: مختصر القدوري، كتاب السير،   231-б.

Бул текстерде аялдын аскерге байланыштуу ишке катышуусуна абсолюттук тыюу жок экенин көрсөтөт. Бирок азыркы кызмат үчүн кийим, намаз, коопсуздук, бөтөн эркек менен бир бөлмөдө жалгыз калуу, сапар жана үй-бүлөлүк укуктар өзүнчө каралат.

Бул матндагы негизди заманбап кызматка колдонуу; конкреттүү кызматтын шарттарысыз акыркы өкүм чыгарылбайт.

Бөлүшүү