Фатвалар
Жумуш оор болсо, орозо тутпай коюуга уруксатпы?
26.11.2026

СУРОО: 
Жумуш оор болсо, орозо тутпай коюуга уруксатпы?
ЖООП: 
— Жумуштун себебинен орозону калтырууга уруксат берилбейт. 
— Орозо учурунда жумушта орозо кармоого күчү жетпей кала тургандай өзүн өтө чаалыктыра иштөөгө болбойт. Эгерде, жумуш оор болсо, жарым күн иштеп жарым күн эс алууга болот. 
لا يجوز أن يعمل عملا يصل به الى الضعف فيخبز نصف النهار و يستريح الباقي. (رد المختار ٢/٤٢٠ ط: سعيد).
Эскертүү: Эгерде, иши кара күч жумшоо менен коштоло турган болсо, анда Рамазан учурунда эмгек өргүүсүнө чыгып алуусу дурус.

Бөлүшүү