Фатвалар
Тиш жууганда, ооз ачылып калбайбы
24.11.2026

Суроо: Тиш жууганда, ооз ачылып калбайбы?

Жооп: Орозо учурунда күндүзү тиш пастасын колдонуу дурус эмес (макрух), анткени паста ичкери кирип кетиши мүмкүн. Эгерде тиш пастасы алкымга кирип кетсе, орозо бузулат. Ошондуктан тиш пастаны таң атканга (субх ас-садык) чейин колдонуу керек.

وكره ذوق شيء ومضغه بلا عذر (رد المحتار ٢/٢١٦ ط: سعيد).

Орозо учурунда мисвак колдонууга уруксат берилет. Анын үстүнө мисвак – бул сүннөт. Ошондуктан күндүзү мисвакты пайдаланган жакшы. Мисвак пайдалануу орозого эч кандай таасирин тийгизбейт.

ولا بأس بالسواك الرطب واليابس في الغداة والعشي عندنا. (الفتاوى الهندية ١/١٩٩ ط: رشيديه).

 (Башкы бетте колдонулган сүрөт интернет булактарынан алынды)

Бөлүшүү