Фатвалар
Орозо учурунда ооздун ичине инъекция кылса болобу (стоматологиялык процедураларда)?
27.02.2026

Суроо: Орозо учурунда ооздун ичине инъекция кылса болобу (стоматологиялык процедураларда)?

Жооп: Ооз көңдөйүнө ооруну кетирүүчү укол кылуу орозону бузбайт. Эгерде, оозго суюктук жыйналып калса, мисалга шилекей, суюк дарынын калдыктары, анда аларды түкүрүп салуу  керек, болбосо орозо бузулат.

في الدر: (وكره) له (ذوق شيئ و) كذا (مضغه بلا عذر) قيد فيهما قاله العيني ككون زوجها أو سيدها سيئ الخلق فذاقت (رد المحتار ٢/٤١٦ ط: سعيد).

نظيره: ولو مص الهليلج فدخل البزاق حلقه لم يفسد ما لم يدخل عينه (الفتاوى الهندية ١/٢٠٣ ط: رشيديه).

(Башкы бетте колдонулган сүрөт интернет булактарынан алынды)

Бөлүшүү