Фатвалар
Мурунга суу кирип кетсе, ооз ачылабы?
24.11.2026

Суроо: Мурунга суу кирип кетсе, ооз ачылабы?

Жооп: Орозо учурунда гусул же даарат алып жатып, ооз-мурунду чайкаганда суунун тамакка кирип кетүүсүнөн этият болуш керек.

Мурунду чайкап жатканда суу тамакка кирип кете турган болсо, орозо бузулат жана казасын кармап берүү керек. Бирок орозо кармаган адам орозо экенин билип турса. Ал эми орозо экени эсинен чыгып кетсе, анда орозосу бузулбайт.

قوله فسبقه الماء) أي يفسد صومه إن كان ذاكرا له وإلا فلا لأنه لو شرب)

حينئذ لم يفسد فهذا أولى... إلخ (رد المحتار ٢/٤٠١ ط: سعيد).

Бөлүшүү