Фатвалар
Маркум ата-энем үчүн орозо кармап берсем болобу?
24.11.2026

Суроо: Маркум ата-энем үчүн орозо кармап берсем болобу?

Жооп: Башка бирөө үчүн (тирүү же өлгөн) орозо кармоого уруксат берилбейт. Ошондуктан адамдын башка бирөө үчүн кармаган орозосу кармаган адамына эсептелбейт, анын моюнан каза орозолор алынбайт. Бирок кармаган орозосунун сообун ал адамга багыштаса болот.

لما روي عن ابن عمر مرفوعا إلى رسول الله صلى الله عليه وسلم أنه قال: «لا يصومن أحد عن أحد ويصلين أحد عن أحد». (بدائع الصنائع ٢/١٠٣ ط: دار الكتاب العلمية).

Бөлүшүү