Суроо: Бирөөнү ушактоо орозону жараксыз кылабы?
Жооп: Исламда ушактоого тыюу салынган (арам) жана ал чоң күнөө болуп эсептелет. Бир хадисте айтылат : «Ким ушактаса, анын туткан орозосу бузулду». Ким бирөөнү ушактай турган болсо, анын орозосу бузулбаса да, чоң күнөө кылган болуп эсептелет. Орозонун максаты ― күнөөлөрдөн оолактоо. Ушак чоң күнөө болгондуктан, анын туткан орозосу дурус болбойт (макрух), бирок баары бир аткарылды болуп эсептелет.
Исламда ушак айтууга тыюу салынган (арам) жана ал чоң күнөө болуп эсептелет. Аллах Таала Куранда муну «мусулман бир туугандын этин жеш» деп айтат. Бирок ханафи мазхабы боюнча ушак айтуу орозону бузбайт.
Жооп берди: Татиков Абдурахман
Текшерди: Исмайилов Жигитали
في الدر: (أو اغتاب) من الغيبة... (لم يفطر). (رد المحتار ٢/٤٠٠ ط: سعيد).
(Башкы бетте колдонулган сүрөт интернет булактарынан алынды)